Ошто милициянын кайгуул кызматына 2-сынактык негизде кабыл улуу  аяктап жатат

Ошто милициянын кайгуул кызматына 2-сынактык негизде кабыл улуу  аяктап жатат.

Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан билдиришкендей,

сынакка катышууга 397 адамдан арыз түшкөн. Алардын 247си катардагы жарандар.

Тестирлөөдөн 172 адам өттү. Жакынкы аралыкта физикалык даярдык боюнча экзамен жыйынтыкталды.

Андан тышкары, тандоонун 1-турунан өтпөй калгандарына дагы мүмкүнчүлүк берилди.

Физикалык нормативди 152 талапкер ийгиликтүү тапшырды, алардын 90у катардагы

жарандар болсо, калгандары облустук ички иштер бөлүмдөрүндө иштеген кызматкерлер.

Учурда маектешүү этабы жүрүп жатат. Тандоонун жыйынтыгы боюнча

90 ваканттык орунга кызматкерлер тандалып алынат.