Өкмөт 8-январды дем алыш күн деп жарыялады.
Бул тууралуу премьер-министрдин милдетин аткаруучу Артем Новиков билдирет.
Ал эске салгандай, алдыда өтө турчу президенттик шайлоодо форма №2 колдонулбайт.
Андан улам 7синен 10-январга чейин добуш берүүчүлөр каттоого турган жерине барып
шайлоого катышууга мүмкүнчүлүк бериш керек. Ушуну менен биринен үчүнө чейин,
ошондой эле жетисинен 10-январга чейин Кыргызстанда эс алуу күндөрү болот.