Кыргызстан боюнча “Кара-Кеченин” көмүрү сатыкка кое берилди.
Кыргыз көмүр” ишканасынан билдиришкендей, учурда кара отун
калкка жана бюджеттик мекемелерге үзгүлтүксүз жеткирилүүдө.
Отундун кое берилген баасы 1 миң 330 сомду түзөт жана республика
боюнча 700гө жакын көмүр кампасы иштеп жатат. Белгилеп кетсек,
быйыл сентябрь жылуу болгонуна байланыштуу калкты кара
отун менен камсыздоо процеси жылдагыдан кеч башталды.