Панфилов районунда милициянын көчмө түйүндөрү иштеп баштады. Чүй облустук ички иштер башкармалыгынан билдиришкендей, атайын жабдуулар менен камсыздалган кичи автобустарды аймакка Ички иштер министрлиги тапшырды.
8-январдан тарта алар кылмыштарды алдын алуу максатында иш-чараларды жүргүзө баштады. Алар жарандардан арыздарды кабыл алып, алар боюнча иш алып барат.
Ар бир унаада үчтөн милиция кызматкери нөөмөт жүргүзөт.