Социалдык тармактар адамда тынчыздануу, стресс жана маанайдын өзгөрүүсүн пайда кылат

Социалдык тармактар адамда тынчыздануу, стресс жана маанайдын өзгөрүүсүн пайда кылат. Мындай пикирге америкалык окумуштуулар келди. Алар 5 миң кишинин анкетасын изилдеп чыккан.

 

Алгач алар социалдык тармакты дээрлик колдонбогон жана стресске туруктуу адамдарды сурамжылаган. Андан кийин Facebook, TikTok жана Snapchat тармактарында көп отурган адамдардын жыйынтыгы менен салыштырган. Белгилүү болгондой, акыркылар стресске көбүрөөк дуушар болот.