Кыргызстанда бүгүнкү күнгө карата 600дөн ашык жаранга эмдөө жасалды. Саламаттыкты сактоо министринин орун басары Улукбек Бектургановдун айтымында, вакцина алгандардын көбү Ошко туура келет – 258, андан кийин Бишкек турат – 214, Чүй облусу – 109. Эң аз азырынча Ысык-Көлдө, эмдөөнү 43 адам алды.
Белгилеп кетсек, эмдөө ыктыярдуу негизде биринчи кезекте медицина кызматкерлерине, мугалимдерге, укук коргоо органдарына жана 65 жаштан улуу жарандарга жасалууда. Бул максатта кытайлык “Синафарм” препараты сатылып алынган.