Айлыктын көбөйүшү боюнча кезек эми массалык маалымат каражаттары кызматкерлеринде

Айлыктын көбөйүшү боюнча кезек эми массалык маалымат каражаттары кызматкерлеринде.

Маданият министринин орун басары Чыңгыз Эсенгул уулу билдиргендей, ММК өкүлдөрүнүн

маянасын көтөрүү маселеси министрлер кабинетинде каралды. Анда оклад, гонорар жана

дубляждын өлчөмүн көбөйтүү айтылды. Бирок акчалар канча пайызга жогорулай турганы

так белгиленген жок. Белгилеп кетсек, быйыл 1-апрелден тартып бардык мамлекеттик

кызматкерлердин айлыктары көтөрүлө турганы айтылууда.