Тоолорго кар жаап, үшүк жүрөт! Синоптиктер чукул билдирүү таратты

Тоолорго кар жаап, үшүк жүрөт! Синоптиктер чукул билдирүү таратты. Маалыматка ылайык, эртең жана 1-2-ноябрь күндөрү Кыргызстандын аймагында аба ырайынын кескин өзгөрүшү күтүлөт. Көпчүлүк аймактарда жаан, тоолуу райондордо кар жаайт.

 

Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, айрым жерлерде 15-20 метрге жетиши мүмкүн.

 

Мындай туруксуз аба ырайы унаа, энергетика, коммуналдык кызматтардын ишин татаалдантат.