Бийлик «Жунда» заводунун жетекчилиги менен сүйлөшүү жүргүздү

Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев Кытайдагы иш сапарында Шэньси көмүр-химиялык мамлекеттик корпорациясынын «Жунда» ишканасынын жетекчиси Чжан Вэньци менен сүйлөшүү өткөрдү. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.

 

Жолугушууда Кара-Балта шаарындагы нефтини кайра иштетүүчү “Чайна Петроль Компани” ишканасын модернизациялоонун экинчи этабын баштоо маселеси талкууланды. Кытайдын Шэньси провинциясынын жетекчилиги “Жунда” долбоорун улантууга көңүл буруларын айтып, атайын жумушчу топ түзүлгөнүн билдирди.