Бишкек – Ош унаа жолундагы Төө-Ашуу ашуусунун түштүк тарабындагы тилкеси оңдоп-түзөлүүдө.
Унаа жана жолдор министрлигинен билдиришкендей, жалпысынан 8,5 чакырым жолго 2 катмар
асфальт төшөлөт, жол белгилери чийилип, белгилер орнотулат. Учурда анын 3 чакырымында
иштер аткарылды. Долбоорду ишке ашыруунун жалпы суммасы 165 миллион сом.
Каражат мамлекеттик бюджеттен берилет. Иштерди сентябрдын аягында бүтүрүү пландалууда.