Кыргызстандын тоолуу райондорунда кар көчкү түшүү коркунучу бар.
Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалыматында 4-мартка чейин
Төө-Ашуу, Ала-Бел, Чапчыма ашууларында жана Чычкан капчыгайында
кар көчкү түшүү коркунучу сакталууда. Ошондой эле
Мырзаке — Кара-Кулжа — Алай-Куу, Ала-Бука — Каныш-Кыя,
Красная горка — Ак-Таш, Каракол — Эңилчек трассассаларындагы
айдоочулар этият болушу зарыл. Унаалар ортосундагы 500 метр аралык сакталышы кажет.