Кыргызстанга Өзбекстан 1 миң тонна буудай жеткирилет. Премьер-министр Улукбек Мариповдун айтымында, дандын жарымы акысыз тапшырылса, жарымын биздин өлкө күздө кайтарып бериши керек.
Андан тышкары, Казакстан дагы 1 миң тонна буудайды жардам иретинде тапшырат. Улуттук статистика комитетинин 25-мартта берген маалыматына ылайык өлкөдө жогорку сорттогу буудай уну 48 сомдон, ал эми биринчи сорттогу буудай уну 39 сомдон сатылып жатат.
Бул өткөн жылга салыштырмалуу 13 пайызга кымбат.