Бишкектин бир катар аймактары бүгүн жарыксыз калат. “Түндүкэлектрдин” маалыматына ылайык, электр энергиясы эртең мененки саат 9дан кечки 6га чейин Москва, Гоголь, Курманалиев, Лермонтов, Медеров, Панфилов, Ауэзов көчөлөрүндө, Ынтымак, Ак-Өргө, Учкун конуштарында жок болот.
Убактылуу чектөөлөр ремонттук иштерге байланыштуу.