Түркияда жер титирөөдө этникалык кыргыздар жабыркаган жок

Түркияда жер титирөөдө этникалык кыргыздар жабыркаган жок. Бул тууралуу “Азаттыкка”  Улуу Памир айыл башчысы Эйүпхан Кошар билдирди. Ал эми жалпы мекендештер тууралу маалыматты Тышкы иштер министрлиги тактап жатат.

 

Эске салсак,  23-февралда Ван провинциясында жер титирөө болуп, 9 адам көз жумду. Күчү 5,8 баллга жеткен жер титирөөнүн очогу Иран менен чектешкен аймакта жайгашкан.