Бишкектин борбордук бөлүгү эртең транспорт кыймылына жабылат

Бишкектин борбордук бөлүгү эртең транспорт кыймылына жабылат.

 

Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын маалыматына ылайык, Чүй проспектисинин Турусбековдон Абдрахманов көчөсүнө чейинки тилке, Абдрахмановдон Чүй-Фрунзе тилкеси, Фрунзе көчөсүнүн Абдрахмановдон Орозбеков көчөсүнө чейинки бөлүк жабык болот.

 

Чектөөлөр таңкы саат 7ден түшкү 12ге чейин киргизилет. Бул Балдарды коргоо күнүн майрамдоого байланыштуу. Тыгындарды алдын алуу максатында, айдоочуларга башка каттамдарды түзүп алуу сунушталат.