Садыр Жапаров Таласта УКМКнын жаңы имаратын ачты

Садыр Жапаров  17-июнда, Талас облусуна болгон жумушчу сапарынын алкагында Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин (УКМК) аталган облус боюнча башкармалыгынын жаңы имаратын ачты. Бул туурасында анын маалымат кызматынан кабарлашты.

 

Мамлекет башчысы Кыргызстан эгемендүүлүккө ээ болгондон кийин өлкөнүн жаңы тарых барактары ачылып, коомдук-саясий, социалдык жана экономикалык маанилүү өзгөрүүлөр биринин артынан бири жүрө баштаганын эске салган.
Мезгил агымынын жаңылануусу менен 1991-1998-жылдары алгач Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Талас облусу боюнча бөлүмү ачылган, ал эми 2000-жылдын апрелинде Талас облусу боюнча башкармалыгы түзүлгөн.
Ал бүгүнкү убакта өлкөнүн улуттук коопсуздугун жана аймактын бүтүндүгүн камсыздоо, улуттар арасында бирдиктүү мамилени түзүү, укуктук тартипти, мамлекеттин, коомдун саясий-социалдык туруктуулугун бекемдөө жаатында иш-аракеттер жүрүп жатат деген пикирин айтты.
«Өлкөнүн өнүгүүсүн шарттоочу мындай олуттуу максаттарды ишке ашырууда улуттук коопсуздук органдарынын орду чоң. Айрыкча, азыркы мезгилде тышкы, ички коркунучтар менен чакырыктар болуп жаткан маалда жана геосаясий кырдаалда Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетине өтө жоопкерчиликтүү милдеттерди жүктөп эле койбостон, мамлекет тарабынан бул тармакты өнүктүрүү жаатында тиешелүү иштер жүргүзүлүп, кызматкерлердин кызматтык жана социалдык шарттары жакшыртылууда», — деген Жапаров.
Буга чейин 1936-жылы салынган Талас башкармалыгынын эски имаратына жыл сайын аны оңдоп-түзөөгө кошумча каражаттар талап кылынып турганы айтылды. 1000 чарчы метрди түзгөн эски имаратта башкармалыктын кызматтык иш бөлмөлөрүнүн жетишсиздигинен бир кабинетте 2-3төн кызматкерлер отуруп иштеп келишкен.
«Заманбап имараттын ачылышы менен улуттук коопсуздук органдарынын кызматкерлеринин ишинин натыйжалуулугу артып, ички жана тышкы коркунучтарга каршы күрөшүүнүн сапаты жогорулайт деп үмүт артам. Дүйнө ааламдашып, заман чакырыктары менен коркунучтары күч алган маалда сиздерге кажыбас кайрат, бекем эрк, мекенчил сезим каалайм. Ата Мекендин коопсуздугу үчүн күн-түнү тыным албаган ак эмгегиңиздердин акыбети кайтсын!» — деген президент.