“Бишкек суу каналы” жаңы жылдык майрамдарда күнү-түнү иштейт. Муниципалдык ишкананын маалыматына ылайык, авариялык бригадалардын жана атайын техниканын иш тартиби бекитилди.
Кандайдыр бир маселелер жаралса, шаар тургундары 1533 кыска номери боюнча адистерге кайрыла алат.