Өлкөдөгү калкты тейлөө борборлору даяр паспортторду берүү үчүн эс алуу күндөрү дагы иштейт

Өлкөдөгү калкты тейлөө борборлору даяр паспортторду берүү үчүн эс алуу күндөрү дагы иштейт.

 

Санариптик өнүктүрүү министрлигинин басма-сөз кызматынан билдиришкендей, 2017-жылкы үлгүдөгү ID карта алуу үчүн буга чейин кайрылган жарандар 27-28-ноябрда даяр паспортторун калкты тейлөө борборлору, калкты паспорттоо жана каттоо бөлүмдөрүнөн ала алышат.

 

Мекемелер бул күнү эртең мененки саат 8ден кечки 8ге чейин иштейт. Паспорттун даярдыгы жөнүндө маалыматты мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөр порталынан, Tunduk мобилдик тиркемеси аркылуу жана 119 телефону боюнча акысыз байланышып алса болот.