Бишкектин эки конушунда таза суу өчүрүлөт.
Мэриядан билдиришкендей, эртең, саат 9дан кечки 6га чейин Калыс-Ордо жана
Мурас-Ордо конушунда суу жок болот. Убактылуу чектөөлөр суу тосмолорун жана
түтүктөрдү оңдоп-түзөө иштерине байланыштуу. Андан улам, аталган
конуштун тургундарына сууну запастап камдап алуу сунушталат.