“Тазалык” ишканасынын кызматкерлеринин эмгек акысы көтөрүлдү

“Тазалык” муниципалдык ишканасынын кызматкерлеринин эмгек акысы 100 пайызга көтөрүлдү.

Бул тууралуу ишкананын директору Рамиз Алиев билдирди.

Анын айтымында, мекеме санитардык тазалоонун бюджетин көбөйткөн.

Буга байланыштуу 1 миң 550дөн ашык кызматкердин 1 миң 100нүн айлык акысы көтөрүлдү.

Маяна эми 22 миңден 35 миң сомго чейин болот.