Бишкектин Кара-Жыгач конушунда бала бакчанын курулушу уланууда.
Мэриянын маалыматына ылайык, мектепке чейинки билим берүү мекемесинде оюн залдары, ашкана, уктоочу бөлмөлөр, музыкалык-гимнастикалык зал жана башка бөлмөлөр каралган.
Объект колдонууга берилгенден кийин бакча 140 бөбөктү кабыл алат.