Кыргызстан күйүүчү-майлоочу майдын жетишсиздигине кабылышы мүмкүн

Кыргызстан 20 күндөн кийин күйүүчү-майлоочу майдын жетишсиздигине кабылышы мүмкүн. Бул тууралуу Мунай ташуучулар ассоциациясы билдирди.

 

Маалым болгондой, 1-сентябрдан тарта “Казакстан темир жолу” компаниясы расмий билдирүүсүз эле транзиттик күйүүчү май ташуу пландарын координациялоону токтоткон. Мындан улам, кыргыз компаниялары “Кыргыз темир жолу” менен биргеликте бул маселени өз алдынча чечүүгө аракет кылууда.

 

Казакстан аркылуу өтүүчү транзит маселеси биздин өлкөдө күйүүчү майдын тартыштыгына алып келиши мүмкүн.

 

Ассоциация бул маселе эки өлкөнүн өкмөттөр аралык деңгээлинде чечилиши керек деп эсептейт.