Бишкектин жаңы конуштарында көчмө банк кассалары иштеп баштады

Бишкектин жаңы конуштарында көчмө банк кассалары иштеп баштады. Бул тууралуу комендант Алмазбек Орозалиев билдирди. Анын айтымында, банк кызматтарынын жоктугу боюнча маселе конуштарда жана шаар четиндеги айылдарда чечилди.

 

Эми көчмө кассалар эртең мененки саат 10дон күндүзгү 3кө чейин Ак-Ордо, Ала-Тоо, Калыс-Ордо, Арча-Бешик, Ак-Босого, Мурас-Ордо, Эне-Сай жана Красностроительный конуштарында иштейт.