Бишкектин Лев Толстой көчөсүндө кыймылга убактылуу чектөөлөр киргизилет.
Мэриянын маалыматына ылайык, 17-октябрда анын 7-апрель көчөсүнөн Достоевскийге чейинки тилкеси жабылат.
Чектөөлөр жолдогу кемчиликтерди жоюу үчүн киргизилүүдө. Аткаруучу компания өз эсебинен трассаны кайра калыбына келтирет. Айдоочуларга альтернативалык вариант катары Анкара көчөсү сунушталат.