Мектептерге электрондук кезек менен кабыл алуу 15-августка чейин уланат

Мектептерге электрондук кезек менен кабыл алуу 15-августка чейин уланат. Билим берүү министрлигинин маалыматына ылайык, бул жылы система дагы     5 шаарда иштеп баштады – Бишкек, Ош, Кызыл-Кыя, Тогкмок, Кара-Балта жана Жалал-Абадда.

 

Ведомстводон белгилешкендей, каттоо жашаган тилкеси боюнча жана андан тышкаркы мектептерге бир убакта жүргүзүлөт. Күтүлгөндөй, жаңы окуу жылында электрондук система менен мектептерге 32 миңден ашык бала кабыл алынат.