Бишкектин Токтогул көчөсүнүн түндүк тарабына унаа токтотууга тыюу салынды

Бишкектин Токтогул көчөсүнүн түндүк тарабына унаа токтотууга тыюу салынды. Муниципалитеттен билдиришкендей, ал жерде велосипед үчүн жол пайда болот.

 

Учурда Токтогул көчөсүнүн Ибраимов көчөсүнөн Жаш Гвардия бульварына чейинки бөлүгүнүн түндүк тарабына жол белгиси орнотулууда.

 

Долбоорду ордо калааны өнүктүрүү жана инвестицияларды тартуу агенттиги коомдук фонддордун бири менен иштеп чыккан.