Кыргызстандагы айрым район борборуна шаар макамын берүү сунушталууда

Ат-Башы, Араван, Ноокендин борборуна шаар макамын берүү сунушталууда. Мындай демилге Жогорку Кеңештин бүгүнкү жыйында көтөрүлдү.

 

Жыйынга катышкан мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча агенттиктин жетекчиси орун басары Мурат Байдылдаев маселени карап көрүүнү убадалады.

 

Эске салсак, буга чейин аймактык реформанын жыйынтыгында Нарындагы 63 айыл өкмөтү 27ге, Ысык-Көл облусунун Түп районундагы 13 айыл өкмөтү бешке чейин кыскартылган.