Бишкек жана Чүй облусунун айрым аймактарында бүгүн электр энергиясы өчүрүлөт

Бишкек жана Чүй облусунун айрым аймактарында бүгүн электр энергиясы өчүрүлөт.

 

“Түндүкэлектрдин” маалыматына ылайык, эртең мененки саат 9дан кечки 6га чейин жарык Медеров, Ахунбаев, Гагарин, Тыналиев, Бөкөнбаев көчөлөрүндө, Алтын-Ордо, Ак-Өргө конуштарында жана Аламүдүн, Восток, Сокулук, Кара-Дөбө, Кош-Коргон айылдарында жана Токмок, Кара-Балта, Каинды шаарларында жок болот.

 

Убактылуу чектөөлөр ремонттук иштерге байланыштуу.