Боом капчыгайы маалы менен жабылат.
“Кыргыз темир жолу” мамлекеттик ишканасынын маалыматына ылайык,
бүгүнтөн тартып, 5-ноябрь, жумага чейин Бишкек – Нарын – Торугарт унаа
жолунун 132-чакырымында кооптуу таштарды атайылап түшүрүү иштери жүрөт.
Андан улам, эртең мененки саат 9дан 3кө чейин жол маалы менен жабылат.
Жол тазалоо учурунда унаалар бир тараптуу гана жүрөт.