Кайра өтө турган шайлоого карата күч түзүмдөрү күчөтүлгөн иш тартибине өтөт

Кайра өтө турган Бишкек, Ош жана Токмок шаардык кеңештерди шайлоого карата

күч түзүмдөрү күчөтүлгөн иш тартибине өтөт. Novosti.kgге ички иштер министрлигинен

билдиришкендей, ар бир шаардагы бөлүм кызматкерлери коомдук коопсуздукту

камсыздоого тартылат. Шайлоо тилкелерине атайын аппараттар жана блютендер

жеткирилгенден кийин ар бир тилкеге орган кызматкерлери бекитилет. Эске салсак,

11-июлда 3 шаардык кеңештердин депутаттарын кайра шайлоо өтөт.

Добуш берүүгө жалпысынан 600 миң жаран катышууга укуктуу.