Бишкек, Ош жана Токмок шаардык кеңештерди кайра шайлоо 11-июлга белгиленди

Бишкек, Ош жана Токмок шаардык кеңештерди кайра шайлоо 11-июлга белгиленди.

Тиешелүү жарлыкка президент Садыр Жапаров кол койду. БШКдан белгилешкендей,

бул ирет партияларды каттоо, билдирүүлөрдү кабыл алуу жана үгүттөө өнөктүгү мөөнөтү

3/1ге кыскартылат. Аймактык шайлоо комиссияларына добуш берүү процессин

мыйзамга ылайык жана бардык санитардык эрежелерди сактоо менен өткөрүүгө

даярдык көрүү тапшырмасы берилди. Министрлер кабинети

БШК түзгөн сметага жараша чыгымдарга каражат бөлүп бериши керек.