Карантиндик чектөөлөр Талас облусунда дагы киргизилди

Карантиндик чектөөлөр Талас облусунда дагы киргизилди. Бул тууралуу өкмөттүн аталган облустагы ыйгарым укуктуу өкүлү Марат Мураталиев билдирди. Анын айтымында, бүгүнтөн тарта Талды-Булак айылындагы санитардык пост жабылды – жарандар ал аркылуу Бишкек жана Ош тарапка өтө албайт.

 

Чектөөлөр эпидемиологиялык абалга байланыштуу. Андан тышкары, спорт комплекстери жана стадиондор дагы жабылды. 2 жумага мал базарлар ишин токтотту.