Бишкекте Нуркамал 29 дарегинде жайгашкан биринчи Калкты тейлөө борбору карантинге жабылды

Бишкекте Нуркамал 29 дарегинде жайгашкан биринчи Калкты тейлөө борбору карантинге жабылды. Мамлекеттик каттоо кызматынан билдиришкендей, бөлүм жаңы кардарларды кабыл албаганы менен, буга чейин паспортко документтерин тапшыргандар келсе болот.

 

Борбор ишин толук кандуу качан жандантат, азырынча белгисиз. Калган бөлүмдөр кадимки тартипте иштеп жатат.