АКШда “ТикТок” тиркемесин көчүрүүгө тыюу салынды. Тиешелүү буйрукту президент Дональд Трамп чыгарды. АКШнын администрациясы ТикТок түзүүчүлөрүн америкалыктардын маалыматтарын Кытай бийлигине берип турушу мүмкүн деп айыптап жатат.
Ал эми колдонмонун ээси “ByteDance” мындай айыптоолорду четке кагууда.