Британиялык тургундун үйүнөн табылган эски чайнек 495 миң долларга сатылды

Британиялык тургундун үйүнөн табылган эски чайнек 495 миң долларга сатылды.

РИА Новости билдиргендей, табылга Кытайдын Цяньлун императорунун башкаруусундагы доорго таандык.

Буюмдун мурдагы ээсинин айтымында, чайнек ага Экинчи дүйнөлүк согуш маалында

Азиядан Улуу Британияга алып келген чоң атасынан калган.

Аукциондогу лоттун баштапкы наркы 50 миң доллар болгон.

Жыйынтыгында буюм баштапкы баадан он эсеге кымбат сатылды.

Чайнекти сатып алган адам Лондон тургуну.