Россияда көпүрө кырсыгынан жабыркаган кыргызстандыктарга медициналык жардам толугу менен көрсөтүлөт

Россияда көпүрө кырсыгынан жабыркаган кыргызстандыктарга медициналык жардам толугу менен көрсөтүлөт.

Бул тууралуу Мамлекеттик миграция кызматынан билдиришти. Маалыматка ылайык, мындай макулдашуу

эки тараптуу сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгында жетишилди жана жабыркагандарга бир айлык маяна төлөнүп берүү каралды.

Эске салсак, Москва облусунун Ступин районундагы логистикалык ишканада жөө жүргүнчүлөр көпүрөсү кулап,

Кыргызстандын 49 жараны жаракат алды. Төртөө оор абалда ооруканага жеткирилди.

Анда жалпысынан 169 кыргызстандык иштеп жаткан.

Алардын биринде да медициналык жана башка камсыздандыруусу болгон эмес.