БШК Бишкек, Ош жана Токмок шаарларындагы шайлоочулардын акыркы тизмесин жарыялады

БШК Бишкек, Ош жана Токмок шаарларындагы шайлоочулардын акыркы тизмесин жарыялады. Маалыматка ылайык, жалпысынан үч шаардын 617 миң 517 тургуну  шайлоо укугуна ээ болгон.

 

Анын ичинен Бишкекте 426 миң 699, Ошто 152 миң 718, Токмокто 38 миң 100 шайлоочу катталды. Ушул жекшемби, 11-июлда Бишкек, Ош жана Токмок шаардык кеңештерине депутаттарды кайра шайлоо өтөт. Добуш берүүгө катышкан шайлоочулардын 7 пайызынан жогорку добушун алган партиялар жеңүүчү аталат.