Жаныбек Жалалов өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү болуп дайындалды. Тиешелүү буйрукка премьер-министр Садыр Жапаров кол койду. Жаныбек Жалалов буга чейин Баткен шаарынын мэри, өкүлчүлүктүн аппарат жетекчиси болуп иштеген.
Аймактын буга чейинки башчысы Алишер Абдрахманов кызматтан бошотулду.