БШК партияларга үгүт кампаниясын көп элди чогултуу менен өткөрбөөнү сунуштайт

БШК партияларга үгүт кампаниясын көп элди чогултуу менен өткөрбөөнү сунуштайт. Бул тууралуу кененирээк БШКнын төрайымы Нуржан Шайлдабекова айтып берет.

 

“Ар бир партия өзүнүн үгүт формасын эркин тандоого укуктуу. Бирок былтыр мыйзамдарга айрым өзгөрүүлөр киргизилген. Мисалы, стадиондорго массалык концерттерге же спорттук иш-чараларга тыюу салынган. Биз дагы эпидемиологиялык абалга байланыштуу партияларга сунуштап атабыз”

 

Эске салсак, Кыргызстанда Жогорку Кеңешке шайлоолордун үгүт кампаниясы   4-сентябрда старт алат.