Кыргызстанда Баткен, Жалал-Абад жана Исфанага ички каттамдарды ачуу маселеси каралууда

Кыргызстанда Баткен, Жалал-Абад жана Исфанага ички каттамдарды ачуу маселеси каралууда. Бул тууралуу Жарандык авиация агенттигинин башчысы Курманбек Акышев билдирди.

 

Анын айтымында, күтүлгөндөй, учактар аталган багыт боюнча августтун аягында же сентябрдын башында учуп калат. Алгачкы этапта каттамдар жумасына бир ирет аткарылат, кийинчирээк рейстер көбөйтүлүшү мүмкүн. Эске салсак, Кыргызстанда учурда Бишкектен Ошко гана учактар каттайт.