Кыргызстанда 1 миллион 300 миң унаа катталды.
Бул тууралуу Мамлекеттик каттоо кызматынан билдиришти.
Ведомствонун маалыматы боюнча, өлкөдө ишеним кат менен
канча киши машине айдап жүргөнү белгисиз. Быйыл 1-декабрга карата 400 миңдей
унаа кайра каттоодон өтсө, мурда алар бир жылда 100 миңге жетчү эмес.
Жарандар жоопкерчилигин сезип, өзүнө каттатып жатат.
Андыктан ишеним кат акырындык менен азаюуда, — дешти каттоо кызматынан.