Баткен облусунун Лейлек районунда ноябрда жаңы мектеп ачылат.
Учурда эки кабаттуу, 225 окуучуга чакталган имараттын курулуш иштери
85 пайызга аткарылды, — дешти Архитектура жана курулуш агенттигинен.
Эмеректер менен жабдуу жана айланасын көрктөндүрүү иштери аткарылууда.
Объектте окуу корпусу, ашкана, спорттук зал жана өтмө галерея бар.
Долбоордун сметалык наркы 64 миллион сомду түзөт.