Бишкек-Нарын-Торугарт унаа жолундагы жол кырсыгынан 3 адам көз жумду

Бишкек-Нарын-Торугарт унаа жолундагы жол кырсыгынан 3 адам каза болду. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 22-сентябрда саат 17:00 чамасында Бишкек-Нарын-Торугарт унаа жолунун 280-чакырымында (Эмгекчил айыл аймагы) Тойота Авенсис жана Хонда-Степ үлгүсүндөгү унаалардын катышуусунда жол кырсыгы катталды.

Кырсыктын кесепетинен 3 адам каза болду (1962-жылы, 1982-жылы туулган 2 аял жана 1976-жылы туулган 1 эркек киши). Мындан тышкары 5 адам жабыркады.

Куткаруучулар каза болгон адамдардын жансыз денелерин унаадан чыгарып, «Тез жардам» кызматкерлерине өткөрүп беришти. Жабыркаган адамдар Нарын облустук ооруканасына, каза болгон адамдардын жансыз денелери Нарын райондук ооруканасынын өлүк сактоочу жайына жеткирилди.