Бишкекте 15 мектеп карантинге жабылып, дагы 14үндө 11-класстын окуучулары аралыктан окууга өттү

Бишкекте 15 мектеп карантинге жабылып, дагы 14үндө 11-класстын окуучулары аралыктан окууга өттү.

Бул шаардык билим берүү башкармалыгынын бөлүм башчысы Гүлмира Акматова билдирди.

21-апрелге карата 45 окуучудан жана 24 мугалимден вирустун жаңы учуру катталды. 4-чейректен тартып

6,7,8 жана 10-класстар аралыктан билим алып жатат, калган 7 класстын окуучулары мектепке келип окуп жатат.

Ал эми 1 миң 607 окуучу ата-энелердин арызынан улам үйдөн окуп жатышат.