Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укук маселелери жана Жогорку Кеңештин регламенти боюнча комитети тууну өзгөртүү долбоорун үчүнчү жактырды.
Документ парламенттин эртеңки жыйынынын күн тартибине экинчи окууга киргизилди.
Эске салсак, Садыр Жапаров 16-декабрдагы экинчи Элдик курултайда тууга өзгөртүү киргизүү демилгеси ага таандык экенин, мыйзам долбоорун жазуу сунушун төрага Нурланбек Шакиевге өзү бергенин билдирген.