Ушул жылдын январь айынан октябрга чейин Кыргызстандан
сыртка которулган акча 443 миллион долларды түздү.
Бул тууралуу Улуттук банктан билдиришти.
Каражаттын басымдуу бөлүгүн, 96,3%ын же 426,9 млн долларды
кыргызстандыктар Орусияга жөнөткөн. Өткөн жылга салыштырмалуу
Россия Федерациясына акчанын чыгышы 11,05%га өскөн.