Хоккей боюнча чемпионат Беларуста өтпөйт

Хоккей боюнча чемпионат Беларуста өтпөйт.

Эл аралык хоккей федерациясы жарыялагандай, биринчилик учурунда команда

мүчөлөрүнүн, көрөрмандардын жана расмий коноктордун коопсуздугун камсыз кылуу мүмкүн эмес.

Эске салсак, быйылкы чемпионат Беларуста жана Латвияда өтмөк. Эми спорттук иш-чара

Латвияда эле өтөбү же Беларустун ордуна башка өлкө тандалабы — азырынча белгисиз.

Кошумчаласак, Беларуста августтагы президенттик шайлоонун жыйынтыгына нааразычылык

акциялары дагы эле уланууда. БШК шайлоодо Александр Лукашенко жеңгенин жарыялаган.

Бирок бул жыйынтыкты оппозиция жана көз каранды эмес байкоочулар тааныган жок.