Бишкектин Ленин райондук бир мандаттуу округу боюнча депутатты шайлоонун жыйынтыгы 11-июнга чейин жарыяланат

Бишкектин Ленин райондук бир мандаттуу округу боюнча депутатты шайлоонун жыйынтыгы 11-июнга чейин жарыяланат. Бул тууралуу БШКдан 24 агенттигине билдиришти.

 

Маалыматка ылайык, учурда талапкерлерди жылдыруу жүрүп жатат. Учурга карата алардын саны 15ке жетти. Белгилеп кетсек, Ленин бир мандаттуу шайлоо округу боюнча депутаттыкка талапкерлерди жылдыруу 27-апрелде жыйынтыкталат. Шайлоонун өзү 28-майда өтөт.