“Улуттук энергохолдинг” ишканасынын төрагасы кызматын тапшырды
“Улуттук энергохолдинг” ишканасынын төрагасы кызматын тапшырды. Бул тууралуу Айтмамат Назаров өзү “Фейсбук” баракчасына жарыялады. Анын айтымында, орундан кетүү арызын өз каалоосу менен жазды. Бул анын башка кызматка кетип жатканына байланыштуу. Белгилеп кетсек, Назаров төрагалыкка былтыр май айында дайындалган.