Кыргызстанда кайталанып коронавирус жуккан учур каттала элек

Кыргызстанда кайталанып коронавирус жуккан учур каттала элек. Эпидемиологиялык изилдөө иштери уланып жатат, — деди Саламаттыкты сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев. Анын айтымында, COVID-19 илдети аныкталгандар менен 2 миң 753 адам байланышта болгон. Учурда обсервацияда бир миңден ашык адам жатат. Белгилеп кетсек, Республикада коронавируска чалдыккандар 695… Кененирээк…

Нарында өткөрмө кагаздар бериле баштайт

Нарында өткөрмө кагаздар бериле баштайт. Бул тууралуу Нарын шаары жана Ат-Башы районунун коменданты Уланбек Аалиев билдирди. Анын айтымында, өткөрмө кагаздарынын үч түрү бар. Бир күндүк өткөрмө кагаз көк түстө. Эртең мененки саат алтыдан кечки сегиз жарымга чейинкиси сары түстө, ал эми күнү-түнү жүрүүгө уруксат берилген… Кененирээк…

Күндө керектелчү азык-түлүктөрдүн баасын негизсиз жогорулатуу боюнча 2 административдик айып салынды

Күндө керектелчү азык-түлүктөрдүн баасын негизсиз жогорулатуу боюнча 2 административдик айып салынды. Мындан тышкары 54 эскертүү берилгенин Монополдукка каршы мамлекеттик агенттиги билдирет. Материалдар Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматына тапшырылды. Ал эми азыктардын бирдиктүү баасына карата мониторинг соода борборлорунда, базарларда жана дүкөндөрдө жүргүзүлүп жатат. Ведомстводон… Кененирээк…

Коронавирус жугузуп жандандыруу бөлүмүндө жаткан 6 бейтаптын бешөө жөнөкөй палатага которулду

Коронавирус жугузуп жандандыруу бөлүмүндө жаткан 6 бейтаптын бешөө жөнөкөй палатага которулду. Бул тууралуу Коомдук саламаттыкты сактоо башкармалыгынын башчысы Айнура Ахматова билдирди. Анын айтымында, учурда республиканын баардык аймагында көчмө дарыгерлер тобу иштеп жатат. Мобилдүү топтор үй карантинине алынган жарандарга кароо жүргүзөт. Эгерде вирустун белгилери пайда болсо… Кененирээк…

Бишкекте пандемияны алдын алуучу чаралар жогорку деңгээлде күчөтүлдү

Бишкекте пандемияны алдын алуучу чаралар жогорку деңгээлде күчөтүлдү. Мэриянын токтомуна ылайык, спорттук иш-чаралар, маданият тармагы, музыкалык жана ушундай багыттагы мектептер, коомдук мекемелер ишин токтотту. Мындан сырткары соода борборлорунун, кафе-ресторандардын ээлерине ишмердүүлүктү токтотуп туруу сунушу берилди. Көрүлүп жаткан чаралар 6-апрелге чейин күчүндө болот.

Өзбекстанда суу транспортторуна бир жылга салык киргизилет

Өзбекстанда суу транспортторуна жана тапчандарга бир жылга салык киргизилет. Өзбек өкмөтүнүн токтомуна ылайык, эс алуу жайларында суу транспорттору, суу велосипеддери, карда жүрүүчү унаалар, квадроцикл, дельтаплан жана тапчандар салык алына турчу киреше булагы болуп эсептелет. Жакынкы арада салык кызматкерлери Ташкент облусундагы кыймылсыз жана кыймылдуу мүлктөрдү эсептеп… Кененирээк…

Лев Толстой көчөсүндөгү көпүрөнүн курулушу жазында жанданат

Лев Толстой көчөсүндөгү көпүрөнүн курулушу жазында жанданат. Бул тууралуу Капиталдык курулуш башкармалыгынын жетекчисинин орун басары Улан Уезбаев билдирди. Анын айтымында, көпүрөнүн салынышы дээрлик 99 пайызга жыйынтыкталган. 1 чакырым тилкеси калды, ал апрелдин ортолорунда курулуп баштаса, майдын аягында жыйынтыкталып калат. Иштер өз убагында бүтпөй тургандыгы, тиешелүү… Кененирээк…

Эми добуш сатып алууга аралашкан партиялар да жоопко тартылат

Эми добуш сатып алууга аралашкан партиялар да жоопко тартылат. Бул тууралуу БШКнын төрайымынын орун басары Абдыжапар Бекматов билдирди. Анын айтымында, буга чейин добуш сатып алгандар же добуш саткандар жоопкерчиликке тартылса, эми укук бузууга күбө болгон коомдук бирикмелер, БШКнын мүчөлөрү укук коргоо органдарына кайрылса болот. Эске… Кененирээк…

Төө-Ашууда 2 камера иштеп баштады

Төө-Ашууда 2 камера иштеп баштады. Унаа жана жолдор министрлигинен билдиришкендей, Көлбаев атындагы туннелдин кире беришинде жана анын чыгышында бирден орнотулган 2 даана камера иштеп баштады. Учурда видео elcat.kg/translation/ сайты аркылуу онлайн көрсөтүлүп жатат. Аталган тилкеге кошумча жабдууларды алуу жана орнотуу үчүн тендер жарыяланды.